Бүгүн Швеция-Швейцария жана Англия-Колумбия курамалары беттешет

Бүгүн, 3-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын оюну уланат.

Анда чейрек финалга чыгуу үчүн акыркы 2 жолдомо ойнотулат. Учурда чемпиондук тактыга күрөш жүргүзүү үчүн Европа жана түштүк америкалык курама командалар гана калды.

Кечки саат 20:00дө F тайпасынын жеңүүчүсү - Швеция менен Е тайпасынан экинчи орунду Швейцария командаларынын беттеши Санкт-Петербург шаарынын "Крестовский" стадионунда өтөт. Бул оюнга словениялык Дамир Скомина калыстык кылмакчы.

Ошондой эле 4-июлга караган түнү саат 12:00дө Н жана G тайпаларынын өкүлдөрү Колумбия менен Англия курама командаларынын оюну орун алмакчы. АКШлык Марк Гейгер калыстык кылган бул беттеш Москва шаарындагы "Открытие Арена" стадионунда өтөт.

Уткан командалар чейрек финалда бири-бири менен бет келишсе, утулганы чемпионат менен кош айтышат.

Эске салсак, буга чейин чемпиондуктун чейрек финалына Уругвай-Франция, Бразилия-Бельгия жана Орусия-Хорватия командалары чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-07-03 10:14:39
Швеция-Швейцария беттешинин фаворитин айтуу кыйын,экоонун тен составы бирдей,а Англия Колумбияны женип чыгат деп ойлойм.
-2
Modric10
2018-07-03 11:51:53
айтуу деле кыйын болуп атат бул женет деп.эмнелер гана болбойт бул футболдо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан