Америкалык "Time" журналы бул ирет интернет желесиндеги эң таасирдүү 25 адамды аныктап, алардын тизмесин жарыялады.
Таасирдүүлөрдүн катарында шоу-бизнестин өкүлдөрү, белгилүү блоггерлер, саясатчылар жана студенттер дагы бар. Айрымдарынын интернет желесиндеги билдирүүлөрү жакшы пикир жаратса, айрымдарыныкы сынга кабылган. Мисалы, ырчы Рианнанын социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсү, модель Кайли Женнердин балалуу болгондогу жүктөгөн сүрөтү интернет колдонуучуларга таасир берген. Ошондой эле 17 жаштагы ырчы Baby Ariel, рэпер Канье Уэст, АКШнын президенти Дональд Трамп (провокациялык билдирүүлөрү үчүн) жана талкуу жараткан "Yanny or Laurel?" деген үндүн автору, студент Роланд Сабо дагы кирген.