Бельгия улуттук курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле өзүнүн Кыргыз күйөрманын издейт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
2-июлдан 3-июлга караган түнү Ростов-на-Дону шаарында Бельгия-Япония курамаларынын беттеши орун алган. Аталган оюнга Кыргыз улутундагы "Ливерпуль" футболдук клубунун футболкасын кийип келип, колунда "Миньоле, мага футболкаңды бере аласыңбы?" деп жазылган плакат кармап турган.
Беттеш аяктаган соң социалдык тармактын жардамы менен Миньоле күйөрманын тапканга жардам сураган.