АКШнын Айдахо штатында Тимми Киннер балдардын кечесине барып 9 кишини бычактап салды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, окуя Латын Америкадан келген качкындар жашаган Бойс шаарындагы турак үйлөрдүн биринде орун алган. Анда балдар 3 жаштагы кыздын туулган күнүнө келишкен. Балдардын майрамы орун алган үйгө 30 жаштагы Тимми Киннер кантип киргени белгисиз. Алгач ал балдарга, андан кийин аларды коргоого алган чоңдорго дагы кол салган. Натыйжада 6 бала жана 3 адам ар кандай жаракат алган. Алар дароо жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркагандардын төртөөнүн абалы оор экени жазылат маалыматта.
Полиция кызматкерлери теракт болгон деген жоромолду четке кагып, "бул кол салуу психикалык жактан жабыркаган адамга таандык көрүнүш" деп айтышууда. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.