2-июлдан 3-июлга караган түнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында орун алган Бельгия-Япония беттешинен кийин социалдык тармактарда бельгиялык дарбазачы Симон Миньоле Кыргыз күйөрманын издеп жаткандыгы белгилүү болгон.
Дарбазачы издеген күйөрман 21 жаштагы Арсен Алтыбаевди таап сүйлөшкөнүбүздө, ал төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Бул окуядан кийин кыялдар орундаларына дагы бир ирет ынандым. Анткени мындан 8 жыл мурун Орусияда өтө турган Дүйнө биринчилигине барсам деп тилек кылган болчумун. Апамдын жардамы менен азыркы тапта миллиондогон адамдардын башын бириктирип турган Дүйнө чемпиондугуна барып оюн көрүү кыялым орундалды", - дейт Алтыбаев.
Футбол күйөрманы Бельгия-Япония беттешине жөн гана күбө болбостон, ага жаккан дарбазачы Симон Миньоленин футболкасын сурап көрүүнү чечкен.
"Оюн башталардан бир нече саат мурун келгем. Миньоле мени байкап кол чапкан, бирок жаныма келген эмес. Бирок мен үмүтүмдү үзбөстөн оюн бүткөнгө чейин колумдагы плакатты түшүргөн жокмун. Оюн бүткөндөн кийин көптөгөн тааныштарым Миньоле мени издеп жаткандыгын айтышты. Алгач ишенген жокмун, бирок Твиттердеги билдирүүсүн көрүп аны менен байланышканга аракет кылдым, азырынча жооп бере элек", - деди футбол сүйүүчүсү.
Арсен Алтыбаев учурда Кипр мамлекетинде билим алат.
"Эс тарткандан бери эле "Ливерпуль" футболдук клубуна күйөрмандык кылам. Футболду абдан жакшы көрөм. Анткени футбол адамдарды бириктирет", - дейт Алтыбаев.