Салык органдарына бир дагы отчёт бербеген ишканага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2017-жылы Бишкек шаарында каттоодон өткөн "С.М." аталышындагы ишкана Кытайдан товар ташуу менен алектенип келген.
“Ишкананы текшерүү учурунда ал бир дагы жолу салык кызматына отчёт бербей, жалпысынан өлкө казынасына 7 миллион 543 миң 312 сом төлөбөгөндүгү аныкталган. Бирок ишкананын ээси катары катталган Т.С аттуу жаран суракка чакырылганда ал ишкердик менен алектенбей турганын билдирип, ишкананы каттоого да катышпаганын айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренесинин (жалган ээлик кылуучулук) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар жүрүп жатат”, - деп жазылат маалыматта.