Бельгия-Япония беттешинен кийин таштандыларды тазалап жүргөн кыргыз калпагын кийген футбол күйөрманы кызыгуу жаратууда

2-июлдан 3-июлга караган түнү Ростов-на-Дону шаарында Бельгия-Япония беттеши орун алды. Аталган беттеште курама командалар чейрек финалга болгон жолдомсу үчүн күч сынашты.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Япония курама командасы чабуулдарды жасап эсеп санын ачканга үлгүргөн. Бул беттеште жогорку деңгээлдеги оюн көрсөткөн күн чыгыш өлкөсүнүн курамасы, тилекке каршы, оюндун акыркы мүнөттөрүндө Насер Шадлинин тобун өткөрүп жиберип 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Беттеш аяктаган соң Япония курама командасынын күйөрмандары маанайы түшкөнүнө карабастан таштандыларды чогултуп өздөрү отурган жерди тазалап кеткен. Ошол күйөрмандардын арасында кыргыз калпагын кийип жүргөн жигит дагы таштандыларды жыйнап жүргөнүн байкоого болот.

Ошондой эле Япония курама командасынын оюнчулары да өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды иретке келтирип, орус тилинде "рахмат" деген билдирүүнү калтырышкан.

"Мындай улуттук курама команда менен иштешүү - бул сыймык. Алардын бул кадамы башка улуттук курама командаларга үлгү боло алат", - деп билдирген ФИФАнын координатору Присциллы Янссенс.

Буга чейинки оюндарда да Япония жана Сенегал курама командаларынын күйөрмандары өздөрүнөн калган таштандыларды тазалашканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
talas0707
2018-07-03 16:19:29
Мына сага маданият деген. Негизи эле ар бир адам озун сыйлаш керек. А биз кыргыздар эки адам турган жерге барсан тамеки, сигарет, тукурук калат. Бышкан ашка сынчыбыз.
+22
talas0707
2018-07-03 16:21:02
Келгиле туугандар ар бирибиз озубуздон баштайлы тазалыкты!
+17
Wolf_ero
2018-07-03 16:36:09
Бир кыргыз белеке берсе керекго калпакты
+10
daniyar93
2018-07-03 16:41:10
Тиги дос Калпакты каяктан алган
+3
talant87
2018-07-03 16:56:24
Калпакты унутуп калганго менимче жердеш
+7
Ulan8383
2018-07-03 17:33:16
talant87,таап алып кийип койдубу, баш кийимди таштабайт деп.
+12
aida007
2018-07-03 17:02:21
Кандай Гана маданияттуу калк!!!!Оздору женилгенине карабастан тазалап журушот азаматтар!!!!улгу алышыбыз керек
+8
Azatbek.Svoboda.
2018-07-03 17:41:08
Таап алып кийип алган же бирөө подарка кылган!Же атасы же апасы бизден!Жакшы жаңылык!Жакында кытай турк таджик озбектердин балдары да калпак кийишет себеби баары эле ошолорго эрге тийип жатышатко тамаша!
+6
Dembele84
2018-07-03 17:47:33
Эч ким мындай кылбаса керек.Оз олкосундо гана эмес чет жакта да оз маданиятын,тазалыгын коргозуптур япондор.Раздевалканын тазалыгын карагылачы,башкасы болгондо уборщица тазалайт деп бар жокту ыргытып кетмек.
+4
PROS
2018-07-03 18:00:30
Япониянын мектептеринде уборщица жок, окуучулар кичинекейинен тартып уборка кылышат. Баланы жашынан, катынды башынан тарбия бериш керек деп ата бабалардан калган сөз бар эмеспи?! Биз билебиз бирок жалкоолонуп амал кылбайбыз!
+4
bond02
2018-07-03 19:37:48
Кыргыз болбосо да, кыргыздын калпагы ишке жараптыр го.
+3
Kymbatym
2018-07-04 01:03:29
Япондор дүнүйөгө үлгү болчу адамдар булда маданияты жогорку деңгээлде экенин билдирет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан