"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Чет элдик футбол күйөрмандарынын кыргыз жана казак элине жөнөткөн саламы" аталышындагы видео жүктөлдү.
Аталган видеону "Азия микс" КВН командасынын мүчөлөрү тартышкан. Анда дүйнөнүн төрт бурчунан Орусияга келген футбол күйөрмандары орус тилинде кыргыз жана казак элине салам айтып жатканын көрүүгө болот. Чет элдиктердин саламы музыка менен коштолгондуктан, алар рэп аткарып жаткандай сезим калтырат.