Москва районунда дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү үйүнүн короосунан табылды

Москва районунун Кыз-Моло айылында дайынсыз жоголгон адамдын скелетке айланган сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабаралашты.

Маалыматка ылайык, маркум 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Д.Д. аттуу жаран экени аныкталган.

Ушул жылдын 24-майында милиция кызматкерлери ыкчам алынган маалыматтын негизинде Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин текшерүүгө алышкан. Натыйжада маркумдун денеси өз үйүнүн короосундагы чуңкурдан табылган. Бул кылмышка шектүү катары 29-июнда Д.М. аттуу жаран кармалган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jalguzum
2018-07-04 04:29:07
Д.Д Д.М деген маалыматтын бизге эмне кереги бар же аты жок же суроту жок кылмышкердин
+2
Benazir08
2018-07-04 10:04:40
Толугурак маалымат жазбапсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан