4-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычынын акыркы беттеши орун алат. Анда "Спартак" стадионунда Колумбия-Англия командалары чейрек финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Беттештин башкы калысы Марк Гейгер (АКШ) болмокчу. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алат.
23:51. Колумбия курамасынын тизмеси:
23:52. Англия курамасынын тизмеси:
23:53. Командалар оюн талаасына чыгып алгач Колумбиянын гимни жаңырат.
23:57. Англиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
00:01. Хоан Мохиканын айып аянтчага узаткан чыгаруусу ийгиликсиз болду. Топ Англия курамасынын карамагына өттү.
00:03. Йерри Мина айып аянтчанын жанынан колу менен ойногону үчүн Англия курамасы айып сокку аткарат.
00:04. Айып соккуну Эшли Янг аткарып, кооптуу абал жаратты. Анын соккусу таамай болуп, топту Оспина тосуп алганга жетишти.
00:05. Триппьер айып аянтчага көтөрүп, коргоочулар топту талаадан сыртка чыгарып салышты.
00:06. Рахим Стерлинг алыстан сокку узатты. Топ коргоочуга тийип талаадан чыгып кетти. Англиялыктар топту бурчтан чыгарат.
00:07. Триппьер топту бурчтан чыгарып, колумбиялыктар топту өзүнүн карамагына алып дароо контр-чабуулга чыкты. Бирок бул чабуулду Стоунс токтотконго жетишти.
00:08. Эшли Янг өнөктөшүнө топту чыгарып, аны колумбиялык коргоочулар талаадан сыртка чыгарып салышты. Англия топту бурчтан чыгарат.
00:09. Эшли Янг топту бурчтан чыгарып, командасы ийгиликтүү боло алган жок.
00:10. Англиялыктар дагы эле топко ээ болуп, чабуулун улантууда.
00:11. Йерри Мина атаандашына каршы эреже бузуп, англиялыктар айып сокку аткарып натыйжалуу сокку узатканга үлгүргөн жок.
00:12. Рахим Стерлинг алыскы аралыктан кубаттуу сокку узатып, аны коргоочулар тосуп калганга жетишти. Англиялыктардын чабуулу уланууда.
00:15. Гарри Кейн башы менен сокку узатып, таамай болбой калды.
00:16. Колумбиялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, чабуулга чыкты. Буга чейинки чабуулдары ийгиликсиз болуп келген.
00:17. Барриостун Фалькаого багытталган чыгарып берүүсү таамай болбой, топту Пикфорд тосуп алганга жетишти.
00:18. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Колумбия - 50 пайыз, Англия - 50 пайыз.
00:19. Рахим Стерлинг алыстан багытталган чыгарып берүүнү кабыл алып, бирок топту оюн талаасынан чыгарып алды. Топ Колумбия курамасынын карамагына өттү.
00:20. Дарбазага багытталган соккулар боюнча статистика: Англия - 4, Колумбия - 0.
00:21. Хохан Мохика топту кабыл алып, алыскы аралыктан сокку узатты. Бирок ал таамай болбой, топ дарбазадан бир топ алыс өттү.
00:22. Колумбия курамасы бир аз активдүү оюн көрсөтүп, чабуулга чыгууда.
00:23. Хуан Кинтеро Ариастын чыгарып берүүсүнөн улам айып аянтчага кирип келген, бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүп топту кыйынчылыксыз алып койду.
00:24. Марк Гейгер эреже бузууну байкады. Вилмар Барриос атаандашын жыгылткан.
00:25. Эшли Янг айып аянтчага чыгарып, коргоочулар аны талаадан сырткары чыгарып салышты.
00:26. Киран Триппьер топту бурчтан чыгарып, Йерри Мина айып аянтчадан сыртка чыгарып салышты.
00:27. Триппьер Фалькаого каршы эреже бузуп, топ колумбиялыктардын карамагына өттү.
00:28. Рахим Стерлингдин айып аянтчанын сыртынан узаткан соккусун коргоочулар кайтарып калышты.
00:29. Англия курамасы дагы эле топту көзөмөлдөп учурдагы чабуулун улантууда.
00:32. Хуан Кинтеро 20 метр аралыктан сокку узатып, таамай болбой калды.
00:33. Учурда Колумбия курамасы топко ээлик кылып, чабуулун аткарууда.
00:34. Хендерсондун айып аянтчага узаткан чыгаруусун Кейн тосуп алганга жетишпей калды.
00:37. Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар айып сокку аткарат.
00:38. Колумбия курамасынын айып аянтчасында командалар арасында түшүнбөстүк пайда болуп оюн убактылуу токтоп калды.
00:39. Вильмар Барриос сары айып кагаз менен белгиленди.
00:40. Айып соккуну Триппьер аткарып, бир аз таамай болбой калды. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
00:41. Соккулар боюнча статистика: Колумбия - 3, Англия - 6.
00:42. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада 54 пайыз менен Англия алдыда.
00:43. Хуан Кинтеро айып аянтчага чыгарып берүү жасап таамай боло алган жок. Топ Англия курамасынын карамагында.
00:44. Гарри Кейн айып аянтчанын ичинен сокку узатып таамай болбой калды.
00:45. 1-таймдын негизги убактысы аяктап, калыс 3 мүнөт кошуп берди.
00:46. Оюн убактылуу токтоп калды. Деле Алли жеңил жаракат алып, медициналык жардам алууда.
00:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына жетти.
01:06. Марк Гейгер 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин алмаштыруу орун алган жок.
01:08. Топ англиялыктардын карамагында болуп, колумбиялыктар аларды жогорку касымга алууда.
01:09. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш токтотулду. Фалькао атаандашына каршы оюн эрежесин бузган. Англиялыктар чабуулун улантмакчы.
01:10. Вилмар Барриос каршылашынын айып аянтчасына чыгарып берүү жасаган, бирок анан өнөктөштөрү топко жеткен жок.
01:12. Сантьяго Ариас оюн эрежесин бузуп, сары айып кагаз менен белгиленди. Англиялыктар айып сокку аткарат.
01:13. Эшли Янг топту айып аянтчага чыгарып берип, аны коргоочулар талаадан сыртка чыгарды. Англиялыктар топту бурчтан чыгарат.
01:14. Триппьер топту бурчтан чыгарып, айып аянтчанын ичинен Кейнге каршы оюн эрежеси бузулду. Карлос Санчес сары айып кагазы менен белгиленип, Англия пенальти аткарат.
01:15. Пенальтини Гарри Кейн аткарат.
01:16. Айып аянтчанын ичинен командалар арасында чуу чыгып, Жордан Хендерсон сары айып кагазы менен белгиленди.
01:17. Го-о-о-о-л! Гарри Кейн пенальтини мыкты аткарып, эсепти 0:1 кылды.
01:19. Колумбиялыктар дароо чабуулга чыгып, Фалькаого каршы оюн эрежеси бузулду. Колумбия стандарттык абалдан топту оюнга кошот.
01:20. Кайрадан колумбиялык оюнга каршы оюн эрежеси бузулду. Триппьер талаанын орто бөлүгүндө Куадрадону жыгылтканга үлгүрдү.
01:21. Колумбия курамасында алмаштыруу: Карлос Бакка Жефферсон Лерманын ордуна оюнга кошулду.
01:22. Гарии Кейнге каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар айып сокку аткарат.
01:23. Эшли Янг стандарттык абалдан топту айып аянтчага чыгарып берди. Топ Кейнге жетип, бирок ал сокку узатканга жетишкен жок.
01:24. Фалькао сары айып кагазы менен белгиленди.
01:25. Карлос Бакка орой ойноп сары айып кагазы менен белгиленди.
01:26. Кайрадан колумбиялык оюнчулар оюн эрежесин бузууда. Бул ирет Барриос эреже бузган.
01:27. Оюн убактылуу токтотулду. Эшли Янг жеңил жаракат алып, медициналык жардам алууда.
01:28. Янг оюнду улантууга даяр болуп калыстын ышкырыгы жаңырды.
01:29. Жесси Лингард эреже бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.
01:33. Жесси Лингард айып аянтчанын ичине кирип келип, Гарри Кейнге чыгарып берүү жасаганга аракет кылган. Бирок коргоочу топту тосуп, талаадан сыртка чыгарды.
01:34. Бурчтан чыгарылган топту Харри Магуайер башы менен дарбазага багыттап, таамай болбой калды.
01:35. Кейнге каршы эреже бузулуп, англиялыктар айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.
01:36. Стандарттык абалдан Янг айып аянтчага чыгарып берүү аткарган, бирок Гарри Кейн офсайд абалында болгондуктан калыс чабуулду токтотту.
01:37. Колумбиялыктар чабуулга чыгып, атаандашын жогорку кысымга алды. Англиялыктар азырынча коргонууда.
01:38. Карлос Бакка оюн эрежесин бузуп, топ Англия курамасынын карамагына өттү.
01:39. Колумбия курамасында алмаштыруу: Матеус Урибе Карлос Санчестин ордуна чыкты.
01:40. Англия курамасында алмаштыруу: Деле Аллинин ордуна Эрик Дайер оюн талаасына чыкты.
01:41. Колумбиялыктар тез контр-чабуулга чыгып, Хуан Куадрадо айып аянтчанын ичинен сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
01:43. Лингард атаандашынын айып аянтчасына топ менен кирип келип оюн эрежесин бузганга үлгүрдү. Топ колумбиялыктардын карамагына өттү.
01:46. Фалькао айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
01:48. Колумбиялыктар эсепти тең кылууга шашылып, кезектеги чабуулун аткарды. Фалькао айып аянтчанын сыртынан коргоочулар тарабынан кароосуз калып сокку узатты. Бирок топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
01:49. 2 курамада тең алмаштыруу орун алды: Рахим Стерлингдин ордуна Жейми Варди чыкса, Хуан Кинтеронун ордуна Луис Муриэль чыкты.
01:50. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 5 мүнөт кошуп берди.
01:52. Урибе алыскы аралыктан сокку узатып, таамай болгону менен, Пикфорд топту кайтара алды. Колумбиялыктар топту бурчтан чыгарат.
01:54. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Йерри Мина бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап таамай болду. Мина командасын акыркы мүнөттө жеңилүүдөн сактап калды.
01:57. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-тайм аяктады, командалар жеңүүчүнү 2 кошумча таймда аныктамакчы.
02:03. Калыс 1-кошумча таймга старт берди.
02:04. Эшли Янгга каршы оюн эрежеси бузулуп, англиялыктар стандарттык абалдан топту оюнга кошот.
02:05. Эрик Дайер атаандашына каршы оюн эрежесин бузуп, топ колумбиялыктардын карамагына өттү.
02:06. Карлос Бакка менен Матеус Урибе кыска пас алмашуу менен каршылаштарынын айып аянтчасына кирип келип, акыркы учурда топту жоготушту.
02:08. Хохан Мохика айып аянтчага чыгарып берүү жасап, кооптуу абал жаратты. Бирок топто алгач дарбазачы болуп, топту алып койду.
02:12. Колумбиялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, аны менен ийгиликтүү колдоно албай калды.
02:14. Англия курамасында алмаштыруу: Эшли Янгдын ордуна Дэнни Роуз оюн талаасына чыкты.
02:16. Фалькао айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатканга жетишип, таамай болбой калды.
02:18. Калыс 1-кошумча таймга 1 мүнөт убакыт кошуп берди.
02:19. Марк Гейгердин ышкырыгы жаңырып, 1-кошумча тайм аяктады.
02:21. Калыстын ышкырыгы жаңырып 2-кошумча тайм башталды.
02:22. Англия курамасы эсепти өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жейми Варди айып аянтчанын ичинен дарбазачы менен бетме-бет келген, бирок ал офсайд абалында болуп калды.
02:23. Дагы бир жолу Варди жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Ал айып аянтчанын ичине кирип сокку узаткан, бирок коргоочулар топту кайтарганга жетишип калды.
02:25. Англия курамасы топко ээлик кылып, кезектеги чабуулун улантууда.
02:29. Денни Роуз кооптуу абал жаратты. Ал атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, сокку узатты. Анын дарбазага багыттаган тобу дарбазанын жанынан өтүп кетти.
02:30. Англия курамасында алмаштыруу: Кайл Уокердин ордуна Маркус Рэшфорд чыкты.
02:31. Гарри Кейн айып аянтчага топту чыгарып, бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
02:32. Эрик Дайер айып аянтчанын ичинен башы менен сокку узатып, таамай болбой калды.
02:33. Колумбия курамасында алмаштыруу: Кристиан Сапата Сантьяго Ариастын ордуна оюнга кошулду.
02:35. Денни Роузга каршы эреже бузулуп, Хуан Куадрадо сары айып кагазын алды.
02:37. Калыс 2-кошумча таймга 1 мүнөт кошуп берди.
02:38 Калыстын ышкырыгы жаңырып, эми футболчулар жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныкташат.
02:41. Пенальтилер сериясын Колумбия курамасы баштайт.
02:43. Алгачкы пенальтини Радамель Фалькао аткарып гол киргизди. Пенальтилер сериясынын эсеби 1:0.
02:44. Гарри Кейн пенальтини мыкты аткарды. Оспина тосконго жетишкен жок. Пенальтилер сериясынын эсеби 1:1.
02:45. Хуан Куадрадо пенальтини ийгиликтүү аткарды. Пенальтилер сериясынын эсеби 2:1.
02:46. Маркус Рэшфорд пенальтилер сериясынын эсебин 2:2 кылды.
02:47. Луис Мурелдин соккусу таамай болуп, Пикфорд тосконго үлгүргөн жок. Пенальтилер сериясынын эсеби 3:2.
02:48. Хендерсондун соккусун Давид Оспина кайтарып кетти. Пенальтилер сериясынын эсеби 3:2 бойдон калды.
02:49. Матеус Урибенин соккусу дарбазанын темирине туш келип гол кирбей калды. Пенальтилер сериясынын эсеби дагы эле 3:2.
02:50 Триппьер топту дарбазанын сол бурчуна багыттап эсепти 3:3 кылды.
02:51. Карлос Бакканын соккусун Пикфорд кайтарып кетти. Эсеп 3:3.
02:52. Эрик Дайер пенальтини ийгиликтүү аткарып Англияга жеңиш алып келди.
02:53. Бул жеңиш менен Англия курамасы чейрек финалдык баскычка өтүп, анда Швеция курамасы менен кез келет.