Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 30 жаштагы жаран 16 жашар кызды жолугушууга чакырып зордуктап койгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалыматты милицияга анын атасы кабарлаган.
“Ушул жылдын 29-июнь күнү Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын 40 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 25-июндан 26-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында анын 16 жашар кызын 1988-жылы туулган Ж.М. аттуу ошол айылдын тургуну таанышуу үчүн жолугушууга чакырган. Андан соң кызды күч колдонуп үйүнө алып кирип зордуктап койгон. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон үйдү аныкташкан. Аталган факт боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголду”, - деди маалымат катчы.