Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, шаардагы Ленин көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүп жатат деген маалымат эртең мененки саат 10:47 чамасында келип түшкөн.
“Өрттү өчүрүү үчүн ӨКМнын Ош шаардык №12-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм тартылган. Саат 11:38де өрт толук өчүрүлгөн. Жалпысынан дүкөндүн 150 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок”, - деди маалымат катчы.