Хорватиянын президенти катардагы трибунада күйөрмандар менен биргеликте футбол көрдү

Хорватиянын президенти күйөрмандар менен биргеликте футбол көрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович өлкөнүн улуттук курама командасынын Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы Дания менен болгон беттешине күбө болгон. Беттеш Нижний Новгород шаарында өткөн.

Анда өлкө башчысы курама команданын башкы машыктыруучусу Златко Далич белекке берген футболканы кийип алып команданы колдоого келген. Өлкө башчысы башка күйөрмандар менен биргеликте көрүүчүнүн паспортун моюнуна илип алып беттешке күбө болгон.

Айта кетсек, Хорватия-Дания беттешинде жеңүүчү пенальтиден аныкталып, Хорватия жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karakulja
2018-07-04 18:07:21
Фигурасы зынк да ушул айымдын.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан