Жалал-Абадда унаа айдап чыгып, дайынсыз жоголгондор ага-ини болушкан. Алардын бири азыркы күнгө чейин дайынсыз

Жалал-Абад облусунда унаасы менен чыгып кеткен эки жаран бир туугандар болушкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чаткал райондук бөлүмүнөн Кыял Рыскулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Дайынсыз болуп жаткан эки жаран бир туугандар болушкан. Алар Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын 23 жана 21 жаштагы тургундары. Маалыматтар боюнча алар 22-июнда саат 8:30 чамасында өздөрү жашаган үйдөн Ала-Бука району тарапка чыгышкан. Алар жолдо бара жатып түнкү саат 1:00 чамасында дарыяга кулашкан деп айтышууда. Алгач аларды ата-энеси, бир туугандары өз алдынча издешип, 29-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. 25-июнда Ак-Таш айылындагы Чаткал дарыясынын жээгинен аларга тийиштүү документтери табылган. 1-июлда бир туугандардын кичүүсү 21 жаштагы М.Т.нын жансыз денеси табылган. Учурда 23 жаштагы Э.Т. изделүүдө", - деди Кыял Рыскулов.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунда эки жаран Матиз үлгүсүндөгү унааны айдап, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks992
2018-07-04 16:28:05
тирүү бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан