Орусиянын Чувашия Республикасындагы жол кырсыгынан 3 Кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты орус басылмалары жазышууда.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына кырсык тууралуу кабардар экенин билдиришти.
"Кырсык тууралуу маалыматыбыз бар. Азыркы тапта тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Окуя такталса, кененирээк маалымат беребиз", - дешти элчиликтен.
Орус басылмаларына чыккан маалыматтарга таянсак, жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алган. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 3 Кыргыз жараны каза болгон. Алардын экөө 5 жана 6 жаштагы балдар экени айтылат.