Америкада 92 жаштагы кемпир аны карылар үйүнө өткөрөм деген баласын өлтүрдү

Америкада 92 жаштагы кемпир аны карылар үйүнө өткөрөм деген баласын өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Анне Мэй Блессинге адам өлтүрүү беренеси менен айыпталган. Ал баласын өлтүрүүнү бир нече күн ойлонгон. 72 жаштагы анын баласы Блессинге аны менен жашоо оор болуп жатканын жакында ал аны карылар үйүнө алып барарын билдирген.

Белгилүү болгондой, Мей Блессинг тапанчаны чөнтөгүнө катып кирип баласы уктап жаткан бөлмөгө кирген. Баласы экөөнүн ортосунда уруш чыккан мезгилде 92 жаштагы кемпир 1970-жылы сатып алынган тапанча менен баласын атып жиберген.

"Сен менин жашоомду алдың, ошол себептен мен сеникин алам" деп билдирген ал баласын өлтүрүп жатып. Бул окуянын баарына анын 52 жаштагы келини күбө болгон ал кемпирдин колунан тапанчаны жулуп, полиция кызматын чакырган.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп Мэй Блессинг эркинен ажыратылбай эле мамлекетке күрөө төлөөрү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RuslanaG1
2018-07-05 09:09:07
Аии, тан калыштуу
+2
pyeon hwa
2018-07-05 09:26:50
Туп туура кылыптыр! ХХХХХХХХХХ керек энесин таштагандарды
+12
bond02
2018-07-05 09:58:44
Кыргызстанга жонотуп жибергиле кемпирди, бизде да бар андай адамдар карыганда ата энесин карылар уйуно жетелеген.
+10
kanu
2018-07-05 16:39:52
bond02,бирок сохунузго жуз поцент кошулбайм,кээ бир ата эне баланы кордоп остурот аларды сыйлоого татыктуу эмес да туурабы,мен озх козум менен коргон ата бар баласына каз чыгып жумушуна тоскоол болот мага муну алып бер тигини деп баласынын болгон мулкун талашат а атасы омуру иштебегн адам балдары оздору бутуна туруп эми чонойуп иштеп журушсо арак ичип алып тиги атасы жол торойт.Мындай аталардан барынан жогу да.
+3
Sardarakam
2018-07-05 10:53:33
Энесида баласыда карылыкты көрүп жаткан заман экенда.
+1
vikidiki
2018-07-05 12:24:05
92жыл бекер жашаптыр да анда. Адам олтуруп куноого батыптыр. Сабырсыздык.
+1
aerforce
2018-07-05 14:55:25
азамат кемпир экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан