Бүгүн, 4-июлда Лейлек районунун Жаштык айылындагы май куюучу станциядан чыккан өрттөн Тажик жараны жабыркап, станциянын кеңсеси күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 22:40та чектөөгө алынган. "Жабыркаган жаранды Тажикстандын медициналык "Тез жардам" кызматы өздөрүнүн ооруканасына алып кетти. Өрт болгон жерге өз ара кызматташуунун алкагында Тажикстандын жакын жайгашкан райондорунан 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн 4 бөлүм иштеп жатат. Дагы кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.