Чувашияда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандары тууралуу кошумча маалыматтар белгилүү болду

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Чувашия Республикасынын полициясына байланышып, аталган аймакта жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандары тууралуу маалыматты тактады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган элчиликтин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова билдирди.

"Полиция кызматкерлеринин иликтөөсүнө ылайык, жол кырсыгына кабылган 5 адамдын баары тең Кыргыз жарандары болгон. Алардын үчөө: 1994-жылы туулган А.А., 2013-жылы туулган А.М. жана 2012-жылы туулган А.А. каза болгон. Ал эми 1982-жылы туулган И.А. жана 1991-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар ооруканага жеткирилген. Бул иш элчиликтин көзөмөлүндө болот", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, кечээ, 4-июлда Чувашия Республикасындагы жол кырсыгынан 3 Кыргыз жараны каза болду деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Meni_unut
2018-07-05 00:34:39
Жайлары жанаттан болсун!!!
+5
nurru
2018-07-05 12:31:29
Аттарыны толук жазса болбойбу А.А. Б.Б. дебей
Аллах жакындарына сабр берсин ыймандарыны саламат койсун
+3
zhanka1234
2018-07-06 00:42:34
nurru,мен да ушинтип ойлочумун, аттарын толук жазбайбы деп..жакында алысыраак тууганыбыз каза болду эле, кызы Москвада болчу, алдап, атан авария болуптур, карашканга бар жанына деп Крга алып келебиз деп жатышса интернет окуп алыптыр каза болгонун. Ошондуктан туура эле толук жазбаганы, кылмышкерлер болбогондон кийин
+2
Kirajsjk
2018-07-06 02:54:29
Ai kirgizim avariyadan ele kirulmai boldugo
+2
Siren90
2018-07-06 14:15:55
Ии байкуштар 5-6 жашта периште бойдон кетишкен тура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан