Лейлек районунун Жаштык айылындагы май куюучу станциядан чыккан өрт саат 05:25те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттөн 4 адам жабыркады. Анын бирөөсү Кыргыз жараны, үчөө Тажик жараны болгон. Мындан тышкары май куюучу станциянын кеңсеси, 4 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйдү.
Эске салсак, аталган министрлик кечээ, 4-июлда май куюучу станциядан өрт чыкканын билдирип, бир Тажик жараны жабыркаганын кабарлаган.