Адистер Неймар Дүйнө чемпиондугунда канча убакыт оюн талаасында жатканын аныкташты. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бразилиянын футбол жылдызы Неймар 4 оюндун жүрүшүндө жалпы 14 мүнөт оюн талаасында жатканы аныкталган. Ага карата 23 жолу оюн эрежеси бузулган. Талаа үстүндө ал эң көп убакыт Мексика менен болгон беттеште өткөргөн. Ага карата оюн эрежеси бузулган соң ал 5 мүнөт турбай жаткан.
Айта кетсек, 6-июль күнү чейрек финалда Бразилия курама командасы Бельгия курамасы менен беттешет. Оюн Казань шаарында орун алат.