SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Үрөйдү учурган кырсык" аталышындагы видео жүктөлдү. Видеодон бейкапар келе жаткан жөө жүрүүчүлөрдү артынан катуу ылдамдыкта келген унаа тебелеп кеткенин көрүүгө болот.
Кырсык кечээ, 4-июлда Сочи шаарында орун алган. Унааны башкарып келе жаткан жигит уктап кетип жол тилкесинен чыгып кеткен.
Кырсыктан бир киши каза болуп, эки аял оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.