Орусия-Хорватия беттешине топту Кыргыздын уулу Ырыскелди Тыныбеков алып чыгат

Кыргыздын уулу Ырыскелди Тыныбеков Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы беттешке топту алып чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков футбол федерациясынын долбоорунда жеңүүчү аталып, топту оюн талаасына алып чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Долбоордун алкагында ал 31 катышуучу менен футбол, англис тили жана башка чеберчиликтеринде күч сынашкан.

Ырыскелди Тыныбеков 8-июлга караган түнү Орусия-Хорватия ортосундагы чейрек финалдык беттешке топту алып чыгат.

Айта кетсек, Ырыскелди Тыныбеков футбол борборунда Нурлан Букуевдин алдында машыгып, командасынын капитаны болгон. Андан тышкары, Тыныбеков Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасынын капитаны болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Aima94
2018-07-05 14:15:04
Красаффчииик
+5
Tolkun555
2018-07-05 14:52:04
Суйунгонумдон козумо жаш келип кетти
+1
Modric10
2018-07-05 15:28:42
Tolkun555,койчу эй кайдагыны айтпачы
+4
Soni130587
2018-07-05 15:00:38
Азамат экенсин ийгилик иним.
+3
asemanur
2018-07-05 15:17:26
Биздин балдар кандай гана акылдуу
+5
Nena
2018-07-05 17:15:02
Азамат кыргыз жигити
+2
Djumahmatov
2018-07-05 20:16:31
Эмнеси бар экен эмнесине кубанып жатасынар билбейм улуттук курама команда чемпионатка катыша албай сасып уйлорундо жатышат элдин балдары МЧ катышып жатышат а селер ошолорго топ алып чыгып бергенине тим эле жанылыктардан бери чыгарып ийдинер улуттук курама команданын денгээлин которуш керек. Болгону 150 мин калкы бар мамлекттер ЧМ катышып жатышат а бизчи топ ташып бергенибизге суйунуп жатабыз окунучтуу
-7
Modric10
2018-07-06 07:07:44
Djumahmatov,бирок ал майданга топту ар бир бала эле алып чыга бербейт.тилеги орундалбай жаткандар канча.жеке оюм бул ото сыймыктуу эле жанылык
+2
ikitaidesu
2018-07-05 22:55:52
Буйруса келечекте ошондой чоң стадиондо Кыргызстан курама командасы дагы ойноп, көптөгөн ийгиликтерди багындырып жүрүшсүн! Ырыскелди ийгилик!
+2
Aiba__95
2018-07-06 08:12:32
Болду эми айта бересинерби кайра кайра
0
talant87
2018-07-06 08:21:26
Финалда алып чыгат деген беле
-2
Daniel01
2018-07-06 08:23:21
Лука Модрич Иван Ракитич сыяктуу жылдыздарды жакындан коруп жуксун жуксун кылып ал эми)))
+2
Busi06
2018-07-06 10:02:33
Красавчик балаго, ушул бала келечекте Кыргыздын Роналдосу бп чыгат корунот сырткы корунушунон Азаматсын!
+1
Modric10
2018-07-06 10:25:26
жакшынакай кыргыз бала экен
+1
33SUUN
2018-07-06 14:33:44
Алып чыккан тобун акжолтой болуп Хорватияны орустар утуп алсын оомийин!
+4
Crystal
2018-07-07 08:55:13
Россия алга
0
NURSAPAR
2018-07-07 20:14:59
Азамат!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан