Түп районунда турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Миң-Булак айылында жайгашкан Сапар Аденов көчөсүндөгү турак жай өрттөнүп кеткен.
"Өрт тууралуу маалымат 4-июль күнү саат 13:09да келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо №34 өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жөнөп кеткен. Өрт 13:54тө чектөөгө алынып, саат 15:47де толугу менен өчүрүлгөн", - дейт маалымат кызматы.
Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн 120 чарчы метри, гараждын 78 чарчы метри жана сарайдын 14 чарчы метри күйүп кеткен. Өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгынын себеби такталууда.