Жети-Өгүздө 13 жашар кызды "балмуздак, суусундук алып берем" деп алдап, айылдашы ыплас иш-аракеттерди жасоого аракет кылган

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 13 жашар кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлда 13 жашар кыздын атасы арыз менен кайрылган. Арызда атасы кызын айылдашы Э.Т. аттуу жаран унаасына салып алып, зордуктоого аракет көргөнүн жазган.

"Бул факт боюнча ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 1976-жылы туулган жаранды кармашкан. Ал эми кыздан милиция кызматкерлери эмне болгонун сураганда төмөнкүлөрдү айтып берген. "Мени машинасына салып, балмуздак, суусундук алып берип, мени менен жатчы деп суранды. Ал мага ыплас иш-аракеттерди жасоого аракет кылды. Качан гана атамды көрүп калганда унаадан түшүрө салып, качып кетти" деп көрсөтмө берди. Ошондой эле өз көрсөтмөсүндө бир ай мурун үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, шектүү зордуктаганын кошумчалады. Кыздын айткандарынын канчалык деңгээлде чын экенин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бирок анын корутундусу чыга элек", - деди маалымат катчы.

Ал эми бул факт боюнча Жети-Өгүз РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен (жашы жете элек кызды зордуктоо) кылмыш ишин козгоду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
urmat94
2018-07-05 12:59:53
Зордукчулар жаман кобойуп кеттиго буларга катураак чара коруш керек бычып салыш керек ушундайле чыдабай атсан саунага бар
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-07-05 13:22:38
urmat94,Аял алып ал десең!
+2
TalaCSKA
2018-07-05 13:05:19
Бутту кеттин жок дегенде 20жылга.бул айбанга убал жок.эн окунучтуусу кыздын тагдыры кандай болот эми .
+6
Dilzat1631
2018-07-05 13:05:36
Kudaidan korkpogon adam eken da
+2
jass
2018-07-05 13:05:37
13 жашар балмуздак менен суусундука алдангыдай жаш эмес го менимче,зордоп эле салып кетпесе.чон эле киши экен жазасын алсын эми
+6
Jelezo
2018-07-05 13:12:43
Быча турган мыйзам киргизиш керек ошондо азаят
+9
orun
2018-07-05 13:12:54
Кунажын козун сузбосо, бука жибин узбойт болуптурда бул жагы. Тигил кыз бул эркек менен байланышта эле болуп жургон. Качан гана атасы коруп калып, кармалганда мени зордуктады деп чыга калдыда. Болбосо 13 жаштагы кыз балмуздакка, суусундукка алдангыдай 1-класстын окуучусу беле...
+2
Dembele84
2018-07-05 13:19:36
orun,Созуно кошулам,бир ай мурун да зордуктаган болсо эмнеге айтып чыкпады ошондо?Жаш кыз болуп алданганда да,кыз ага чейин эле катташып,жатып жургон,ошол атасы коруп калгандан кийин оюна балмуздак,суусундук шылтоосун ойлоп табышыптыр да,билбегенде дальше ишти кылып журо беришмек.
-1
Azatbek.Svoboda.
2018-07-05 13:21:06
Мындай эки буттуу айбандарды костиравать кылыш керек деп мыйзамга киргизишип койсо болмок Ак-Уйдо олтурушкан бекерчи жепжутаттар!
+4
elina
2018-07-05 13:31:58
Кудай озун сактай кор, кунуно ушундай нерселер болуп жатат. Менимче бул ыплас нерсеге барган жарандарды олум жазага тартылыш керек. Байкуш жаш наристелердин омуру талкаланды, психикасына доо кетти. Бул 1976 жылкынын кыздары жок бекен, бери жагы наристе коруп калышты.
+2
Nanei
2018-07-05 14:03:36
Он учтогу кыз уже билиш керек го,сусундук балмуздак аперем деген кишинин машинесине тушпош керек экенин
-4
bars_wire
2018-07-05 17:16:47
50го чыгайын деп калган киши куноолу эмес дагы.13жашар кыз куноолубу.аял болгону учун куноолубу.Эркектер ойлонгулачы.
+1
Nuri1988Elim2010
2018-07-05 19:12:47
Кунаажын болуп бойго жетсе бир жон.Кызы менен тен экен,озун кармабайбы?
Бирок азыркылар тез жетилип жатышабы деймда.Мурда он уч жашар убакта эч нерсени билчу эмес.
0
neizvesnyi
2018-07-05 19:42:21
Зордуктаган кобойбой эле азыр каждый второй кыз оз каалоосу менен эле жатып журот. Же акеси же атасы кармап алып эле урушуп согуп эле зордукча заявление жаздырып коюп жатат.ошону анан Тим эле газетага укмуш жомокту кошуп ташып жазып коюшат
-2
TalaCSKA
2018-07-05 23:40:30
neizvesnyi,кыз канча макул болуп озу каалап турган кундо да 42 жаштагы адам жатпаш керек болчу анкени кыз болгону 13 эле жашта куноо толугу менен жанагы айбанда!!!бул жакта кушажын козун сузбосо деген созду ХХХХХХХ
+2
mariza
2018-07-06 16:34:25
Кыз жаштык кылып оз каалосу менен болгон кундо дагы тиги адам 42 жашта экен. Ал адам эмес да кызга тийген же эмне кыз карады деп эле ошондой ишке барыш керекпи ойлонуп жазгылачы жазгандар кандай болгон кундо да кызга эми эмне болот? озунун кызы деле бар болсо керек 13 кө чыкпасада ошол ойлонбогондо 13жаштагы кыз ойлонуш керек эмесда булда шайтандын азгыруусу. Экөөно тен убал болуптур чындыгында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан