ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: Америкалык белгилүү актёр, сценарист жана режиссёр Сильвестр Сталлоне 72 жашка чыкты

Америкалык белгилүү актёр, сценарист жана режиссёр Сильвестр Сталлоне 72 жашка чыкты. Ал 1946-жылы 6-июлда Нью-Йоркто төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Швейцариядагы америкалык колледжде окуган. Мекенине кайткандан кийин актёр болууну чечип, Майамидеги университетте драмалык искусствону окуган. Окуусун бүткөндө Нью-Йорктогу театрларда иштеген.

Сильвестр Сталлоне өзүнүн актёрлук карьерасында "Рэмбо", "Рокки", "Ээ-жаа бербегендер" ("Неудержимые") сыяктуу 50дөн ашык тасмада роль жараткан.
Жеке жашоосу
Сильвестр Сталлоне актёрлуктан сырткары сүрөтчүлүк менен алектенет. Ал үч ирет үйлөнгөн. Биринчи жубайы актриса Саша Зак менен 11 жыл жашап, 2 уулдуу болушкан. Алардын улуусу Сейж Сталлоне өзүнүн үлпөт тоюна бир нече күн калганда каза болгон. Экинчи уулу аутизмден жабыркайт. Кийинки жубайы даниялык актриса жана модель Бригитт Нильсен менен актёр бир жарым жыл жашап, балалуу болушкан эмес. Сталлоне үчүнчү жолу 1997-жылы америкалык модель Женнифер Флавинге үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда 3 кызы бар.
6-июлга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Okurmanchik92
2018-07-06 15:34:08
Аялы жаш го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан