Орусия курама командасынын футболчулары Дүйнө чемпиондугуна катышканы үчүн мамлекеттен акчалай сыйлык албайт

Орусия курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышканы үчүн мамлекет тарабынан акчалай сыйлык албайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттен Дүйнөлүк чемпиондуктарда ийгилик жараткан спортчуларга Олимпиада оюндарынын катышуучуларына салыштырмалуу каражат каралган эмес. Ал эми эл аралык футбол федерациясынан бөлүнгөн каражатты Орусиянын футбол биримдиги бөлүштүрүп берет. Орусиялык футболчулар азыркы тапта 16 миллион доллар акчалай сыйлык утуп алышты, алардын 8 миллионун Орусиянын футбол биримдиги алат. Бул каражаттан ар бир футболчуга 45 миң доллардан тиет.

Дүйнө чемпиондугунда 4-орунду ээлеген курама команда 22 миллион доллар, 3-орун үчүн 24 миллион доллар, 2-орун үчүн 28 миллион доллар жана 1-орун үчүн 38 миллион доллар алмакчы.

Эске салсак, 1-июлда Орусия курама командасы плей-офф баскычынын алгачкы беттешинде Испания курама командасын жеңип чейрек финалга чыккан. Эми Орусия курамасы 8-июлга караган түнү чейрек финалдык баскычтын алкагында Хорватия курама командасы менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira12345
2018-07-05 14:18:06
За Россию ура!
+1
tular
2018-07-06 01:39:21
Орустарын алганды гана билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан