Япония курама командасынын капитаны Макото Хасэбэ маалымат жыйында анын курамасы өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды тазалабаганы тууралуу айтты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Бельгия-Япония беттешинен кийин Япония курама командасынын оюнчулары да өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды иретке келтирип, орус тилинде "рахмат" деген билдирүүнү калтырышканы айтылган. Япония курама командасынын капитаны Макото Хасэбэ футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунан мекенине кайткан соң уюштурулган маалымат жыйында өздөрүнө бөлүнгөн кийим которуучу жайды иретке келтирбегенин, аны тейлөөчү персоналы жасаганын айтты.
Буга чейинки оюндарда да Япония жана Сенегал курама командаларынын күйөрмандары өздөрүнөн калган таштандыларды тазалашканы белгилүү болгон.