Баткенде ага-ини сууга чөгүп каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Какыр айылында бир тууган ага-ини сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБи билдирди.

Окуя 30-июнь күнү болгон. Анда Исфайрам дарыясына 2002 жана 2000-жылкы бир туугандар сууга чөгүп кетишкен. Алардын жансыз денелери 1-июль күнү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча ага-ини шагыл алынган жерге топтолуп калган сууга түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Abdullatif
2018-07-05 17:54:06
Ата энеси күйүп кетти го
+9
Batma08
2018-07-05 18:13:11
Abdullatif,оа. Алла сактасын
+1
Sizge.kat
2018-07-05 18:30:33
Бирин бири кутуарам десе керек бейиши болсун
+6
aida007
2018-07-05 19:52:17
Ушу сууга каналга дарыяга тушпой эле койгуласы сураныч быйыл негедир суунун Коломну коппу кырсык коп болуп жт....Аллахым сактасын жаман болуптур
+7
UrmatbuAzambekova
2018-07-05 23:00:54
Жанаттын берсин кудайым ата энесине сабр тилейм айла жок экен ажалга айла жок экен жаман иш болуптур менда бир тууганыман айрылып отуруп калдык ыйлап кана отуруп берет экенбиз башка арга жок экен.
+1
sherzatik
2018-07-06 04:02:11
Жүрөк ооруйт) суу коркунучтуу кыйын сүзгөн адам да чөгүп кетүү ыктымал. Бейиштен орун берсин аллахым!!!
+2
Aruuke_555
2018-07-11 21:22:49
Баарыңыздарды бул жылда өзүңөрдү жана жакындарыңыздарды суудан сактооңуздарга чакырып кетем. Быйыл суудан каза болгондордун саны көбүрөөк. Көпчүлүгү жаш балдар... Алардын ичинде менин кичинекей иним да бар... 19-июнь күнү заматтын ичинде колдон жулдурдук. Кудай пендесине бербесин, жүрөгүбүз дагы деле өрттөнгөн бойдон жүрөбүз.
Суу көптөгөн балдарды Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүнөн терип жаткандай. Жаратканымдан көптөн көп суранганым, БӨБӨКТӨРҮБҮЗ ӨЛБӨСҮНЧҮ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан