Бельгиянын дарбазачысы менен Кыргыз күйөрманы жолукту

Бельгия курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле менен Кыргыз күйөрманы жолукту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күйөрман Арсен Алтыбаев билдирди.

"Миньоле мени менен байланышка чыгып, жолугушуу сунушун киргизди. Мен макул болуп, Казань шаарында жолугуштук. Суранычымды аткарып, ал мага футболкасын белек кылды", - деди кубанычын жашыра албаган күйөрман.

Жолугушуу тууралуу дарбазачы Миньоле да өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал Арсен менен бирге түшкөн сүрөтүн тиркеп:

"Силердин жардамыңар менен биз аны таптык. Ал жигиттин аты - Арсен. Ал Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга саякаттап келген. Ооба, ал менин футболкама ээ болду. Ушул үчүн мен социалдык тармактарды жакшы көрөм", - деген билдирүү калтырган.

Эскерте кетсек, буга чейин Арсен Бельгия-Япония беттешинде Ливерпуль клубунун формасын кийип, Миньоленин футболкасын сураган жазууну көтөрүп турган. Кийин дарбазачы социалдык тармак аркылуу ал балага издөө жарыялаган. Ал Кыргыз жигити - Арсен Алтыбаев экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
egiz-jigit
2018-07-05 23:23:45
Жакшы акыры жолугупсунар да кыргызды ушу сен Ырыскелди анан тиги мусор тазалаган япон учоон тааныттынар окшойт
+28
keba300989
2018-07-06 09:22:59
egiz-jigit, хахаха ичти эздинго
0
ArgenMers
2018-07-05 23:24:36
Красавчик
+4
Syimyk.isaev
2018-07-05 23:33:29
Адамгерчиликтуу вратарь экен.
+12
Meni_unut
2018-07-06 00:10:13
Вратарьга соз жок!!! Уважуха
+2
Jin1209
2018-07-06 00:50:27
Молодец мен суйунуп атам куйормандарына ушинтип конул буруп турушса
+7
ikitaidesu
2018-07-06 16:15:30
Jin1209,Жылдыз оорусу менен оорубай, байлыгына чиренбеген инсан экен. Кыргызстан да эки үч типа жылдыздар бар го, кийилген көйнөктөрдү сатам деген.
+2
povtas.1996
2018-07-06 04:27:38
мен да фудболкамды берем , жарыя кылып соц тармака жүктөп, супер инфого чыгабыз , ким алат ?
-6
Samash-87
2018-07-06 12:08:16
Арсен дагы дарбазачыны тушундо коруп, футболкасын сурады бир болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан