Икрамжан Илмиянов Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, Илмиянов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенин түшүндүрдү. Анын ордуна Жыргалбек Саматов шайланды. Ал буга чейин федерациянын вице-президенти болчу.
Эске салсак, Икрамжан Илиянов 2017-жылы апрель айында Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.