“Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек арачылар Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө документи жок жүк киргизүүгө аракет кылган Кыргыз жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран Мерседес-Спринтер автоунаасы менен аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна келип токтогондо текшерүү учурунда унаадан футбол талаасы үчүн жасалма газон табылган. Айдоочунун жүккө тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Жүктүн жалпы наркы 340 миң сомдон жогорку бааны түзгөн.
Документтер толтурулган соң кармалган жаран жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.