Бельгия курамасы Бразилияны утуп жарым финалга өттү. Неймар командасын сактай алган жок

7-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери уланат. Анда "Казань Арена" стадионунда Бразилия менен Бельгия курамаларынын беттеши орун алмакчы. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алат. Беттештин башкы калысы Милорад Мажич (Сербия) болот.

23:20. Бразилия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Алиссон Бекер ("Рома", Италия)
  • Коргоочулар: Тиаго Силва ("Пари Сен-Жермен", Франция), Марсело ("Реал", Испания), Фагнер Консерва ("Коринтианс"), Миранда ("Интер", Италия).
  • Жарым коргоочулар: Паулиньо, Филиппе Коутиньо ("Барселона", Испания), Фернандиньо ("Манчестер Сити", Англия), Виллиан("Челси", Англия);
  • Чабуулчулар: Неймар ("Пари Сен-Жермен", Франция), Габриэл Жезус ("Манчестер Сити", Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Тите (өз аты Аденор Леонардо Бакши).

23:30. Бельгия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Тибо Куртуа ("Челси", Англия).
  • Коргоочулар: Тоби Алдервейрелд ("Тоттенхэм", Англия), Венсан Компани("Манчестер Сити, Англия), Тома Менье ("ПСЖ", Франция), Ян Вертонген ("Тоттенхэм", Англия);
  • Жарым коргоочулар: Янник Феррейра Карраско ("Далянь Ифан", Кытай ), Насер Шадли ("Вест Бромвич", Англия), Кевин де Брюйне ("Манчестер Сити", Англия), Маруан Феллайни ("Манчестер Юнайтед", Англия), Эден Азар ("Челси", Англия), Аксель Витцель ("Тяньцзинь Цюаньцзянь", Кытай);
  • Чабуулчулар: Ромелу Лукаку ("Манчестер Юнайтед", Англия).

23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Бразилиянын мамлекеттик гимни жаңырат.

23:56. Бельгиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр болушту.

23:58. Топту оюнга алгач Бразилия курамасы кошот.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

00:01. Кевин Де Брюйне айып аянтчанын сыртынан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Бирок ал таамай болбой, топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өттү.

00:03. Неймар атаандашынын айып аянтчасына чыгарып берүү аткарып анын өнөктөштөрү ага жетпей калды. Топто алгач Куртуа болуп, кыйынчылыксыз тосуп алды.

00:06. Феллайни Неймарга каршы орой оюн көрсөтүп, калыстын оозеки эскертүүсүнө туш болду.

00:07. Тиаго Сильва жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Ал Неймардын бурчтан чыгарылган тобун дарбазага багыттап, топ штангага тийип калды.

00:08. Эден Азар алыстан сокку узатып, анын соккусун коргоочулар кайтара алды.

00:10. Эден Азарга каршы орой оюн орун алып, калыс ышкырыгын жаңыртты. Топ Бельгиянын карамагында.

00:12. Маруан Феллайни айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, топ коргоочуга тийип талаадан сырткары чыгып кетти.

00:13. Г-о-о-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Бельгиялыктар топту бурчтан чыгарып, Фернандиньо топту талаадан сырткары чыгарып салуу аракетин көрүп, өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.

00:17. Насер Шадлинин айып аянтчага чыгарган топко алгач бразилиялыктардын коргоочулары жетип, талаадан сырткары чыгарып салышты.

00:19. Коутиньо алыстан сокку узатты, таамай багытталган топту Куртуа тосуп алганга үлгүрдү.

00:21. Эден Азар Фернандинього каршы оюн эрежесин бузуп,калыстын оозеки эскертүүсүнө туш болду.

00:22. Ромелу Лукаку айып аянтчага кирип барып, 1 коргоочуна алдап өткөн соң сокку узатканга жетишпей калды. Коргоочулар жогорку чеберчилигин көрсөтүүдө.

00:25. Бразилиялыктар уламдан улам чабуулга чыгып азырынча эсепти тең кылууга шашылып жатат.

00:29. Вертонген атаандашына каршы эреже бузуп, Бразилия курамасы айып сокку аткарат.

00:30. Айып соккуну бразилиялыктар ийгиликтүү колдоно албай калган соң Неймар топту кабыл алып алыстан сокку узатты. Бирок ал таамай боло алган жок.

00:31. Г-о-о-о-о-о-о-л! Эсеп 0:2. Бельгия курамасы тез контр-чабуулга чыгып, Де Брюйне алыскы аралыктан узаткан соккусу менен эсеп санын өзгөрттү.

00:35. Мерселонун сол канаттан аткарылган чыгаруусун Жезус башы менен дарбазага багыттап таамай болбай калды.

00:37. Фелипе Коутиньо айып аянтчанын сыртынан топту кабыл алып, кубаттуу сокку узатты. Бирок Куртуа жогорку чеберлигин көрсөтүп топту кайтарганга жетишти.

00:40. Фагнер Азарды артынан түртүп жыгылтты. Калыстын ышкырыгы жаңырып, бельгиялыктар айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк алды.

00:41. Айып соккуну Де Брюйне аткарып таамай сокку узатканы менен топту Алиссон кайтарганга жетишип калды.

00:42. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Бразилия - 54 пайыз, Бельгия - 46 пайыз.

00:44. Бразилия курамасы чабуулдарын улантып жатканы менен атаандашынын коргоо бөлүгүнөн өтө албай жатат.

00:45. 1-тайм аягына жетип, калыс 1 мүнөт убакыт кошуп берди.

00:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.

01:02. Милорад Мажич 2-таймга старт берди.

01:03. Тыныгуудан кийин Бразилия курамасында алмаштыруу орун алды. Виллиандын ордуна Роберто Фермино оюнга кошулду.

01:05. Алдервейрелд оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.

01:09. Марсело айып аянтчага чыгаруу жасап ийгиликсиз болуп калды.

01:11. Марсело айып соккуну аткарып, анын айып аянтчага аткарган чыгарып берүүсүн коргоочулар тосуп калышты.

01:13. Паулиньо эсеп санын алмаштырганга аз калды. Анын узаткан соккусун Куртуа тосуп алганга жетишти.

01:15. Бразилия курамасында алмаштыруу орун алды. Жезустун ордуна оюнга Дуглас Коста кошулду.

01:17. Фагнер оюн эрежесин бузуп, калыстын ышкырыгы жаңырды. Бразилиялыктар айып сокку аткарат.

01:18. Марсело айып аянтчанын бурчунан сокку узатып таамай боло албай калды.

01:19. Эден Азар мыкты мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. 5 метр аралыктан узаткан сокку таамай болбой калды.

01:21. Дуглас Костанын айып аянтчага аткарган чыгаруусун Куртуа тосуп алганга жетишти.

01:22. Коутиньо айып ачнтчанынын бурчунан сокку узатып таамай боло албай калды.

01:24. Алдервейрелд кайрдан оюн эрежесин бузду. Ал оюн эрежесин орой бузганы менен калыс 2-жолу айып кагазын көрсөтүүдөн баш тартты.

01:27. Томас Мёнье оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.

01:30. Куртуа дарбазасын сактап калганга жетишти. Ал Дуглас Костанын алыстан узаткан соккусу секирип тосуп калганга жетишти.

01:32. Бразилия курамасында алмаштыруу орун алды. Паулиньонун ордуна оюнга Ренато Аугусто кошулду.

01:34. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:2. Жаңы оюнга кошулган Ренато Аугусто таамай соккусу менен эсеп санын өзгөртүү.

01:36. Фирмино мыкты мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Анын узаткан соккусу дарбазадан бир аз жогору өттү.

01:38. Ренато Аугусто мыкты соккусу менен айырмаланып таамай болбой калды. Топ кайрадан дарбазанын үстүнөн бир аз жогору өттү.

01:39. Насер Шадли жаракат алып, оюнду уланта албай калды. Анын ордуна оюнга Томас Вермален кошулду.

01:41. Коутиньо жакшы мүмкүнчүлүктү колунан чыгарды. Ал Неймардын айып аянтчага узатылган чыгаруусун дароо дарбазага багыттап бир топ таамай болбой калды.

01:42. Фернандиньо оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.

01:43. Роберто Мартинес оюнчуларынын алмаштырды. Ромелу Лукакунун ордуна оюнга Юри Тилеманс кошулду.

01:44. Неймар сол канаттан айып аянтчага кирип келип, коргоочуну алдап өтө албай топту жоготту.

01:46. Фагнер Азарга каршы оюн эрежесин бузуп сары айып кагазы менен белгиленди.

01:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып калыс 5 мүнөт кошуп берди.

01:50. Куртуа кайрадан дарбазасын сактап калды. Ал Неймардын узаткан соккусун жогорку чеберчилик менен тосуп алганга жетишти.

01:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып Бельгия курамасы 1:2 эсеби менен жеңишке жетти.

01:53. Бул жеңиш менен Бельгия курамасы жарым финалга өтүп, анда Франция менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Meni_unut
2018-07-07 01:25:25
Прощай Бразилия!!!
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-07-07 01:34:21
Бразилия 1 гол киргизди
0
1Adilet1
2018-07-07 01:52:46
Бразилия утулду
+1
talas0707
2018-07-07 01:56:29
Бельгия Бельгия Бельгиииия урааа
+1
jiku_83
2018-07-07 02:01:48
билгем Бельгия утаарын
+1
Modric10
2018-07-07 02:15:17
Бразилия женеби дедим эле. Эми Россияны колдойм
-2
Boobek_5
2018-07-07 02:32:23
Калыс Европалык командалаштарына тартып жатты.Бразилияга да сооп жок.Бельгиягын коргоочуларын аралап жүрүшөт, өткөрүп жибере тургансып.Айрыкча Неймар!Марсело кайран кор болду.А Бельгиялыктардын каршы чабуулдары мыкты экен.Таза ойношот экен еще.Мен эми Бельгиянын сыйлап калдым.Ак мээнет менен утуп жатышат.
+3
barsa30
2018-07-07 03:47:14
Судья жаман эзилдиго убакытты созуп..Эми Бельгия женишин каалайм ДЧ.ту .Француздар мен колдогон комонданы ыргытышкан болчу Бельгия дан созсуз женилсин дейли.
-1
aya88
2018-07-07 09:26:19
Бразилия баары бир 5 жолу дуйно кубогун уткан
+1
vikidiki
2018-07-07 09:42:44
Неймар умутту актабады.
-1
Pchelka85
2018-07-07 10:23:04
Негизи Бельгиянын оюнчулары шамдагай экен. Тез и командный... эми Мбаппе менен Куртуанын тиреши кыызык болот да.. буйурса...
0
mirkaa5182
2018-07-07 11:14:52
Белгия жакшы ойноду, айрыкча коргонуу күчтү болду, бораталис да күчтү ойноду. Бразилия кайра, кайра ута бериш керек беле.
+1
nelya88
2018-07-07 11:30:47
mirkaa5182,'бораталис' дегениңер боорду эзет го..
+1
Pchelka85
2018-07-07 11:42:54
nelya88,аиии. Мен да ойлоп коем кайсы футболист эле деп)))) вратарьды айткан го)))) вратаристь деп))))
0
karakulja
2018-07-07 11:45:45
Неймар Эми ойной берсин оонап уйундо.
+1
Mars575
2018-07-07 11:59:02
Мен Бельгияга барып шоколадын жеп келдим эле, азаматсынар эли ушунчалык жонокой.
+1
Modric10
2018-07-07 15:00:27
Неймар эми кенен жатып эс алчы бир каралдым десе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан