Бишкекте жүк ташуучу унаа 7 жаштагы баланы сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 6-июлда болгон.
"Аламүдүн районунун Озерное айылынын көчөсүндө ЗИЛ унаасы жолдо өтүп бара жатканда 7 жаштагы аталган айылдын тургуну жолго чыга калган. Мындан улам унаа өспүрүмдү сүзүп кеткен. Оор жаракат алган бала окуя болгон жерден жан берген. Ал эми айдоочу 38 жаштагы аталган айылдын жашоочусу болгон. Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды", - деди аталган башкармалык.