Баткен облусунун Кадамжай районунда жансыз денеси каналдан табылган келиндин өлүмүнө шектелип анын кайын сиңдиси жана күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун эжеси Шаадат Меңдибаева билдирди.
"Бирге жашаган кайын сиңдиси жана анын күйөөсү кылмышты моюнга алып, камакка алынышты. Ошондой эле кайненесинин да катыштыгы бар деп айтышууда. Учурда сурак жүрүп жаткандыктан эмне себептен өлтүргөнүн мага айтыша элек", - деди эжеси.
Эске салсак, Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан аялдын жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.