Ырыскельди Тыныбеков Дүйнө чемпиондугундагы эң кызыктуу беттеш болгон Орусия-Хорватия оюнунда топ алып чыкты.
7-июлдан 8-июлга караган түнү элдин бүйүрүн кызытып, уйкусун качырган Орусия-Хорватия беттеши орун алды. Оюндун ачылышында жаш футболчу Ырыскелди Тыныбеков футбол тарыхындагы эң мыкты чейрек финалдык оюндардын бири болгон беттешке топту алып чыкты.
14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков футбол федерациясынын долбоорунда жеңүүчү аталып, топту оюн талаасына алып чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Долбоордун алкагында ал 31 катышуучу менен футбол, англис тили жана башка чеберчиликтеринде күч сынашкан.
Айта кетсек, кыл чайнашкан беттеште пенальтилер сериясында Хорватия улуттук курама командасы 4:3 эсеп санында жеңишке жетип жарым финалга аттанса, Орусия улуттук курама командасы Дүйнө биринчилигинен четтеди.