Өзбекстанда алимент төлөбөө үчүн ата өз кызынын жанын кыйды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Андижан облусундагы Боз районунда ата алимент төлөбөш үчүн өзүнүн 3 жаштагы кызын өлтүргөн.
"Бул үй-бүлө аз камсыз болгон үчүн чыр-чатактар көп орун алчу. Күйөөсүнүн тапкан акча каражатына канааттанбаган аялы аны менен ажыраша тургандыгын билдирген. Эгерде ажырашса кичинекей кызына алимент төлөө керек болорун түшүнгөн ата 3 жаштагы кызын бычак менен сайып өлтүргөн", - деп жазылат маалыматта.
Кызын өлтүргөн соң аны аялына алып келип "Мына, сенин балаң!" деп таштап кеткен. Белгилүү болгондой, кызын өлтүргөн ата 18 жылга эркинен ажыратылган.