Орусия улуттук курама командасынан 2 футболчу кетти

Орусия улуттук курама командасынан 2 футболчу кетти. Бул тууралуу курама команданын Твиттер социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Орусия улуттук курама командасындагы карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу 33 жаштагы "Спартак" футболдук клубунун жарым коргоочусу Александр Самедов билдирген. Муну менен катар эле улуттук курама командадан кетип жаткандыгын "ЦСКА" клубунун коргоочусу Сергей Игнашевич да билдирген.

Самедов өз сөзүндө чейрек финалдагы оюн ал үчүн акыркы болгонун билдирсе, ал эми Игнашевич эгерде Дүйнө чемпиондугу болбосо мындан мурда эле кете турганын айткан.

"Азыркы тапта мен сүйүнүп, жан дүйнөм тынч алып турган кез. Анткени карьерамды мыкты командада, мыкты машыктыруучу жана эң мыкты оюнчулар менен аяктап жатам", - деп билдирген Игнашевич.

Айта кетсек, Дүйнө биринчилигинин чейрек финалдык баскычындагы беттеште Орусия улуттук курама командасы Хорватия курамасына пенальтилер сериясында 2:3 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Meni_unut
2018-07-08 13:41:08
Тазза озунчо
-7
bond02
2018-07-08 13:43:21
Баардык оюнчусу кетип калса деле чын журоктон баары бир.
-5
Nanei
2018-07-08 13:48:31
Туура чечим,Игнашевич 39 жаштакен,курагы давно отуп калыптыр
+6
karakulja
2018-07-08 13:57:01
Зато Россияга гол сайды . Азамат
+20
expert.007
2018-07-08 14:20:16
Самедов мурда эле кетпейт белең
-8
monster_high_98
2018-07-08 15:10:10
Россиянын командасын колдобосом дагы мактай кетем,жакшы эле оюн коргозушту, мынчалыкка жетесинер деп копчулук кутпосо керек,боло турган иш болду чыгышынар керек эле чыктынар
+15
Modric10
2018-07-08 15:15:10
Смолов деле кете берсе болот
+8
Dembele84
2018-07-08 15:56:24
Смолов провалил ЧМ 2018,мактаган бомбардир эч нерсеге жараган жок.Ага караганда Игнашевич жакшы оюн коргозду.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан