Биз социалдык тармакта

Акжол Махмудов эл аралык турнирде чемпион аталды

Акжол Махмудов эл аралык турнирде чемпион аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балбан Акжол Махмудов Түркияда өткөн "Champions-2018" эл аралык турниринде жеңүүчү аталды.

Стамбул шаарында 4-7-июль күндөрү орун алган бул мелдеште Махмудов 77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Алгач финландиялык балбанды 8:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде уткан. Ал эми чечүүчү беттеште түркиялык балбанды 12:3 эсебинде жеңип чемпион аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
akylbek.kg
2018-07-08 12:25:59
Эркек!!!
+8
Dembele84
2018-07-08 12:47:34
Ушу жигитибиз катуу чыгып келе жатат,коз тийбесин!Олимпиада оюндарынын женуучусу болсун деп тилейли!
+16
jengoo
2018-07-08 13:01:09
12:3 эмес 18:8 менен уттуго.
0
Meni_unut
2018-07-08 13:10:07
Молодец. Олимпиядага баруу насип этсин сага братан
+5
daniel87
2018-07-08 14:59:51
Мыктысын, азаматсын!!! Кыргыз жигиттерине улгу болчу эркек деген созго ылайыктуу мыкты инсан сын!!! Омурун узун, келечегин кен болсун!!! Коз тийбесин тфу тфу
+7
kokboru
2018-07-08 16:20:13
Бул жанивар өзүям жөн жеңбейт экен да,5,4 же 12,10 кылып,совсем ашып кетет экен ачкодон.Азаматсын.Сен башкача бала экенсин.Сага ийгилик келечегиңе
+1
Kyrgyz_eli
2018-07-08 16:25:56
kokboru,кыргызча жазчы сураныч.жакшынакай тилин турса. Же кыргыз эмессинби?
+6
Jin1209
2018-07-08 19:38:58
Акжол жениш учун ото коп мээнет кылат,тренери экоо аябай коп жанын берет тренировкага анан бир гана женишти ойлойт буюрса келечектеги олимпийский чемпион
+1
tolik
2018-07-09 15:15:38
Азаматсың Акжол! Дагы дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып, улуу кыргыз элиңди кубанычка бөлөй бер.
+1
luntik88
2018-07-10 03:07:23
Азаматсын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан