Биз социалдык тармакта

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын Азия оюндарындагы атаандаштары аныкталды

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын Азия оюндарындагы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынан билдирди.

Индонезияда 18-август - 2-сентябрь аралыгында өтө турган Азия оюндарынын алкагында волейбол боюнча мелдеште Кыргыз курамасы "А" тайпасына түшүп, Сауд Арабия жана Индонезия курамалары менен кез келет. Тайпалык баскычтын соңунда алдыңкы 2 команда кийинки этапка жолдомо алат.

Алгачкы беттешин Кыргыз курамасы 20-августта Сауд Арабияга каршы өткөрсө, 2-беттешти 24-август күнү Индонезия менен өткөрөт. Ал эми Сауд Арабия менен Индонезия курамаларынын беттеши 22-августта орун алат.

Эске салсак, буга чейин Азия оюндарынын алкагындагы футбол боюнча мелдеште Кыргыз курамасынын атаандаштары белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-07-09 08:41:27
Шанс бар экен,ийгилик эми женсе болот
0
Alpengold.
2018-07-09 08:57:20
Оомат
+1
Akmatov030
2018-07-09 23:57:09
Алга Кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан