7-июль күнү Ысык-Көл районунда 4 жашар бала эс алуу жайындагы бассейнге чөгүп каза болду. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, ата-эне ошол учурда баласынын жанында болгону менен, сууга түшүп жатканын байкабай калышкан.
“Түп районунда жашаган бир үй-бүлө Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылында жайгашкан “Керемет-Суу” эс алуу жайына келишкен. Алар сууга түшүп жатып 2013-жылы туулган Н.И. аттуу баласынын сууга чөккөнүн байкабай калышкан. Баланы Ананьеводогу аймактык ооруканага алып барышканы менен, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Баланын апасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан”, - деп билдиришти ОИИБден.