Шри-Ланкага белгилүү болгон ырчы Прияни Жайасингх мыкаачылык жол менен өлтүрүлгөн. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, ырчыны кайчы менен кескилеп кеткен. Анын жансыз денеси Панадура шаарындагы үйүнөн табылган. Полиция кызматкерлеринин айтымында, кылмышкер маркумду сабап, андан соң кайчы менен кескилеген. Ырчынын өлүмүнө шектүү катары анын күйөөсү изделүүдө. Ал эми маркумдун жолдошу качып жүргөндүгү жазылат маалыматта.