Түркияда темир жолдогу кырсыктан каза болгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 8-июль күнү Капикуле-Стамбул багыты боюнча келе жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд Текирдаг провинциясында жолдон чыгып, бир нече вагондор оодарылып кеткен. Поездде жалпысынан 360 адам болгон. Алардын 338ине медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыркы тапта 124 жүргүнчү ооруканада болсо, ал эми калган адамдарга биринчи жардам көрсөтүлүп үйүнө жеткирилген.
Түркиянын вице-премьер министри Режеп Акдагдын билдирүүсүнө ылайык, азыркы тапта куткаруу иштери токтогон. Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгына темир жолдун жаандан кийинки абалы себеп болгон. Азыркы тапта кырсык эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда.