Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде айыбы угузулуп, тергөө бүткөн убакытка чейин камакта калтырылды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Макеновдун баш коргоо чарасын 8-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карады.
УКМКдан билдиришкендей, Макенов Бишкек мэриясынын кызмат адамдары менен бирге өлкөнүн жер боюнча мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын прокуратурасы аталган жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда кылмыш ишин козгоп, вице-мэр 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.
Макенов 2016-жылдын май айынан тартып 2017-жылдын августуна чейин мэриянын Менчик муниципалдык башкармалыгын жетектеп келсе, 2017-жылдын август айынан бери биринчи вице-мэр болуп иштеп келген.