Салык кызматынын кызматкерлери мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян келтирди деп айыпталууда

Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май райондук бөлүмүнүн бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган райондун Салык кызматынын кызматкерлери жеке ишкер менен биригип алып чет өлкөгө импорттолгон товардан төлөнүүчү салыкты жашырышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар импорттоо менен алектенген Н.И. аттуу ишкер 2017-жылдын август айынан бери өлкөдөн 86 миллион сомдук товар чыгарып, бирок ал өлкө казынасына салык төлөгөн эмес. Натыйжада мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө 10 миллион 399 миң 474 сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Салык кызматынын Биринчи Май райондук бөлүмүнүн кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык", "жеке ишкердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иш Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан