Испанияда бука матадордун баш терисин сыйрып салды

Испанияда бука матадордун баш терисин сыйрып салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Испаниянын Аревало шаарында эл алдында өз өнөрүн тартуулап жаткан матадор Хуану Хосенин баш терисин бука мүйүзү менен сыйрып салган. Матадор дароо ооруканага жеткирилип дарыгерлер анын баш терисин кайрадан калыбына келтирип тигишкен.

Хосенин айтымында, ал окуя болгон учурда жубайына чалуу үчүн дароо уюлдук телефонун издеген. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ага санаа тартып, колдогон күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирип абалы жакшы экенин жарыялаган.

Буга чейин 2011-жылы Сарагосто бука матадордун көзүн жарадар кылган. Ошондон тартып ал сол көзүн таңып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kosmos2013
2018-07-09 17:14:57
Жалкыбаган немего
+6
Kunbeken
2018-07-09 17:28:20
ушуларга эч тушунбой да зарыл экен да ушунтип терисин сыйрытып жатып эле
+5
Kylychisa
2018-07-09 17:43:44
Kunbeken,Бизде кок бору кадимки эле оюнго аларда да ушундай
+8
Azatbek.Svoboda.
2018-07-09 18:35:36
Kylychisa,Ат менен Төөдөй айырмасы бар!
-2
Dembele84
2018-07-09 19:24:09
Azatbek.Svoboda.Ат менен тоодой айырмасы болсо да,Испандардын улуттук оюну,кыргыздын улуттук оюну кок бору дегендей эле.Баш териси сыйрылмак тургай,адамдарды тепселеп сындырып,олтуруп койгондору канча,аларга ошонсу менен кызык!
+3
Bazana
2018-07-09 20:34:57
Мээси корунуп туратко ботом десе .
+1
Medina87
2018-07-09 22:38:32
Bazana,
Мээси корунуш учун баш соок сыныш керек го, а бул жерде баштын териси сыйрылган деп корсотуп да жатат суроттон.
0
kolyn
2018-07-09 20:47:10
Кесиби ушул болсо не кылсын анан
+3
Aikaaaa
2018-07-09 21:10:58
Мага салмактан өлтүрүп салбайбы, өзүлөрүнүн сүйгөн оюну
0
vikidiki
2018-07-09 21:59:18
Жан таттуу деген соз матадорлор учун эмес окшойт.
+1
Majit1975
2018-07-10 16:44:57
Зарил экен да буга да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан