ЭЛДИК ВИДЕО: Кыргыз эстрадасынын каймактарынын жаш кези. 25 жыл мурун тартылган видео

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жаштык, жаштык, жалынга баттык" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Аталган видеодон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттеринин бири Алина Жетигенованын ырдап жатканын, Айчүрөк Иманалиева жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов аны коштоп бийлеп жатканын көрүүгө болот. Ырчылардын жаштыгын чагылдырган видео 1993-жылы Ош шаарында тартылган. Бул тууралуу Алина Жетигенова буларды билдирди.

"1990-жылдан кийин Кыргыз эстрадасы жаңы деңгээлге чыгып баштаган. Ошондо Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Ош шаарында, Жалал-Абад облусунда "Түштүгүмө түгөнбөгөн ыр десте" деген аталыштагы концерттик иш-чара уюштуруп турчу. 1993-жылы Гүлшайыр Садыбакасова Ошто ушундай концерт уюштуруп, эстраданын каймактары барганбыз. Концерт стадиондо өтүп, эл аябай көп келген. Концерт аяктагандан кийин Гүлшайыр эже (ред:. Садыбакасова) бизди кафелердин бирине алып барып, кече уюштурган. Баарыбыз ырдап, бийлеп жакшы отурганбыз. Мен башкалардан улуу болгонгобу же тажрыйбалуу болгонмунбу, кечеде аябай активдүү болуптурмун", - дейт ал.

Сонун архив видео, ырчылардын жаштыгы)))
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Modric10
2018-07-09 18:33:13
Айчурок эже мошный го.
+4
Dastan704
2018-07-09 19:21:04
Ооба силер эле идеалдуусынар жаш кезе ойун кулкуго тойбой турган учур болот...
+2
Nanei
2018-07-09 21:54:32
Dastan704,мен ушул видеодо бийлеп жаткандарды лично тааныйм,ошол учун айтып жатам, эгерде тааныбасам соз кылбайт элем. Маданияттын м тамгасы да жок буларда
-4
Janna07
2018-07-09 22:40:28
Алина Жетигенова Кларанын озуго
+3
surgeon777
2018-07-09 22:57:20
Айчурок эже секси-секси экен го..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан