Дем алыш күндөрү Кыргыз өлкөсү боюнча беш адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы көлмөдөн 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болгон. Ушул эле күнү Сокулук суусуна 58 жана 40 жаштагы аялдар чөгүп кеткен. Куткаруучулар алардын сөөктөрүн 3 саат аралыгында табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми кечээ, 8-июль күнү Базар-Коргон районунун Кайырма көлүнө 24 жаштагы жигит чөккөн. Дагы бир кырсык Кадамжай районунда катталган. Анда Үч-Коргон айылындагы көлмөгө 47 жаштагы адам чөгүп кеткен.
ӨКМнын куткаруучулары экөөнүн тең сөөгүн бир нече саатка созулган издөө иштеринен кийин суудан таап чыгышып, тийиштүү кызматтарга өткөрүп беришкен.