Кыргыз балбаны Бактияр Акбердиев грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5-орунду ээледи

Кыргыз балбаны Бактияр Акбердиев өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5-орунга ээ болду.

Хорватиянын Загреб шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышып, тилекке каршы, медалдарды тагынганга үлгүргөн жок.

51 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Бактияр Акбердиев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда жеңилүү ызасын тартып калды. Акбердиев алгачкы беттеште япониялык Ватару Сасакини 12:10 эсебинде, чейрек финалда түркиялык Микреман Актастын үстүнөн 6:2 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалда индиялык Сайон Мейтелге 0:10 эсебинде жеңилип калды. 3-орун үчүн беттеште Бактияр Акбердиев казакстандык Мерей Малиткановго 1:2 эсебинде утулуп, 5-орунга ээ болду.

Кыргыз балбандардын көрсөткүчтөрү:

45 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Акыйкат Кулжигит уулу - Берат Бийиктазим (Түркия) 8:4;

1/8 финал: Акыйкат Кулжигит уулу - Илья Канзяков (Белорусия) 9:0;

1/4 финал: Акыйкат Кулжигит уулу - Гурбан Гурбанов (Азербайжан) 6:2;

51 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/8 финал: Бактияр Акбердиев - Ватару Сасаки (Япония) 12:10;

1/4 финал: Бактияр Акбердиев - Микреман Актастын (Түркия) 6:2;

1/2 финал: Бактияр Акбердиев - Сайон Мейтел (Индия) 0:10;

3-орун үчүн беттеш: Бактияр Акбердиев - Мерей Малитканов (Казакстан) 1:2.

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Нурмухаммет Абдуллаев - Мерт Илбарс (Түркия) 2:3.

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Эрбол Базиев - Лука Гимилар (Словения) 8:0;

1/8 финал: Эрбол Базиев - Ахмед Мерихи (Алжир) 13:5;

1/4 финал: Эрбол Базиев - Сархат Кирик (Түркия) 3:11;

Көңүл жубатуучу беттеш: Эрбол Базиев - Владислав Евтушенко (Украина) 0:8.

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Фархад Маян - Тансел Ортучи (Түркия) 0:9.

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Жеңиш Жумабеков - Жеймс Вилсон (АКШ) 10:5;

1/8 финал: Жениш Жумабеков - Пётр Стефанов (Болгария) 1:9.

92 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Нурманбет Раималы уулу - Эмил Осмонагич (Хорватия) 0:2.

Кыргыз балбаны Бактияр Акбердиев япониялык барбанга каршы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан