Адис: "Жыл башынан бери өлкөдө 57 адам сууга чөгүп каза болгон"

Жыл башынан бери өлкө аймагында 57 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлгөн кеңешмеде ӨКМнын алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Мухаммед Сваров билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон 57 адамдын 38и эркек, 6сы аял жана 13ү бала болгон.

"Сууга түшүп каза болгондордун эң көбү Чүй облусунда катталган. Тагыраагы, 16 адам каза болгон. Экинчи орунда Жалал-Абад облусу, анда 12 адам сууга чөгүп каза болгон. Ал эми Бишкек шаарында 8 адам, Ош шаарында 5 адам, Ош облусунда 5 адам, Баткен облусунда 5 адам, Ысык-Көл облусунда 5 адам, Талас облусунда 1 адам сууга чөгүп каза болушкан. Бактыга жараша, Нарын облусунда сууга чөгүп каза болгондор катталган эмес", - деди Мухаммед Сваров.

Ал эми жай мезгилиндеги сууга түшүү сезону башталгандан бери 35 адам каза болсо, алардын ичинен 23ү эркек, 3ү аял, 9у жаш балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tatynam_88
2018-07-09 22:05:23
Ай силер эсептеп коюп отура бересинер да.кыргыз кырылып кетмей болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан