Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 9-июлда саат 15:00дө катталган.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 113-чакырымында Субару Форестер үлгүсүндөгү жеңил унаа Вольво үлгүсүндөгү жүк ташыган унаанын алдына кирип кеткен. Автоунаада 1949-жылы жана 1951-жылы туулган Сокулук районунун Студент айылынын тургундары болгон. Алар Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан. Жеңил унаа каршы тилкеге чыгып жүк ташыган унаа менен сүзүшүп, 2 жүргүнчү алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми Казакстандын номери тагылган жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1983-жылы туулган Орус жараны болгон. Учурда окуяга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз кызматы.